Радио

Жумабеков: аймактарда конок үйлөрдүн санитардык абалын жакшыртуу зарыл

Туризм департаментинин кадрдык жана укуктук уюштуруу бөлүмүнүн адиси Курманбек Жумабеков меймандостук индустриясын өнүктүрүү форуму аймактардан келген конок үй ээлери үчүн маалымат алмашууда жакшы аянтча болорун белгиледи.
Sputnik
Жумабеков: аймактарда конок үйлөрдүн санитардык абалын жакшыртуу зарыл

Туристтерди тейлөөдө кемчиликтер бар. Өзгөчө региондордо жайгашкан конок үйлөрдүн санитардык абалы канааттандырарлык эмес. Бул тууралуу Курманбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дааратканалардын абалынын начардыгы, айдоочулардын жол эрежелерин бузуусу жана жарандардын тазалыкка кайдыгер мамилеси туристтер үчүн жат көрүнүш.

"Меймандостук индустриясын өнүктүрүү боюнча форум туризм тармагын жакшыртууга түрткү берет. Бүткүл дүйнөлүк соода уюму тарабынан алты жыл сайын баа берүү иштери жүргүзүлөт. Буга чейин аталган отчет 2013-жылы чыккан. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунан жакшы баага ээ болуу үчүн аракеттер күч. Бирок кемчиликтер дагы жок эмес. Маселен региондордогу айрым конок үйлөрүнүн санитардык абалы туристтерди канааттандырбайт. Айрым өлкөлөрдө санитардык тазалыкты бузса лицензиясын алып коет. Натыйжада тийиштүү талаптарга жооп бербеген ишканалар кызмат көрсөтө албай калат. Бизде мындай механизмдер жок. Ошондуктан туристтерди кабыл алууда эрежелер сакталбайт. Бул иш-чараны өткөрүп алсак, туризм тармагын жакшыртууга өбөлгө болот деген ишенимдебиз", — деди Жумабеков.

Адис тейлөө сапаты жакшырса өлкөнүн туристтик потенциалы жогору экенин кошумчалады.