Прокуратура Курсан Асановго Жеңиш Разаковду каралаган деген айып такты

Асанов жана өкүл баласы "Разаковду оор кылмыш жасоого күнөөлөп, жалган маалымат таратты" деп күнөөлөнүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир айып тагылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Асанов жана анын өкүл баласы, "Чындык" гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков вице-премьер Жеңиш Разаковду каралаган деп шектелүүдө. Тагыраак айтканда, алар "Разаковду оор жана өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлөп, жалган маалымат таратты" деп айыпталууда.

Бейшенбековду 20-январда Аскер прокуратурасы сурактан кийин кармаган, бирок баш коргоо чарасын тандаган сот аны үй камагына чыгарган.

Курсан Асановдун жубайы кайсы иш боюнча суракка чакырылып жатканы айтылды
Эске салсак, Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда далил болчу буюмдарды жана маанилүү документтерди тергөө органдарынан жаап-жашырган деп айыпталууда. Мындан сырткары, министрге баш ийбей, өз алдынча чечим кабыл алган, атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындаган деген күнөө коюлган.