Өкмөттөгү алмашуу: Аскаровдун ордуна Асрандиев келмекчи

Кеп экономикалык тармакты жөндөгөн вице-премьер туурасында болуп жатат. Учурда бул кызматта отурган Замирбек Аскаров өкмөттөн кетпейт.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетине вице-премьер-министрлик орунга Эркин Асрандиевдин талапкерлигин сунуштады.

Бул маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда көтөрүлдү. Абылгазиев вице-премьер Замирбек Аскаровдун ордуна Асрандиев талапкер экендигин айтты. Ал эми Аскаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине сунушталды.

"Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аркалап кете алышат деген ойдомун", — деди өкмөт башчы.

Эми Асрандиев өкмөттүн экономика тармагын жөндөмөкчү.

Буга чейин Асрандиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген.

Комитет алардын талапкерлигин жактырып, эми парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.