Нарында 10 жаштагы кызды унаа коюп кеткен учур видеого түшүп калган

Окуучу кыз реанимация бөлүмүндө көз жумган. "Городок" аймагында болгон кырсык видеого түшүп калып, интернетке жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Нарында 10 жаштагы кызды унаа коюп кетип каза тапты. Окуя видеого түшүп калган.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, жол кырсыгы 3-февраль күнү саат 15:20да "Городок" аймагында болгон. Өспүрүмдү унаа коюп кеткени тууралуу милицияга Нарын облустук бириккен ооруканасынан кабарлашкан. Окуучу кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Окуя кандайча болгону видеокамерага түшүп калган, жазылма Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды.

Рулда 33 жаштагы киши болгон. Тергөө амалдары жүрүүдө.