10 күндө салынган Кытай ооруканасынын көрүнүшү. Видео

Коронавирустан улам Ухань шаарында ыкчам түрдө ооруканалар салына баштады. Анын бири 10 күндүн ичинде курулуп, ушу тапта бейтаптарды кабыл алууда.
Sputnik

Курулуш иштери 24-январда башталып, 2-февралда аягына чыкты. Технологиясы SARS эпидемиясы чыккан 2003-жылы эле иштелип чыккан.

Жаңы оорукана бир имаратка бириктирилген ири көлөмдөгү модулдардан турат. Объект 1000 бейтапты кабыл ала алат.

5-февралда 1 600 адамды сыйдыра алган экинчи оорукана колдонууга берилмекчи.

Коронавирус дарты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту өзгөчө кырдаал деп баалады. Дарттын жайылуу деңгээли Кытайда өтө жогору деп бааланса, дүйнөдө жогору деп табылды.

Илдеттен улам Кыргызстан Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамдарын токтоткон. Кытайдын Ухань шаарынан 18 кыргызстандык алып келинди.