Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгына биринчи жолу аял жетекчи дайындалды

Гүлмира Жумабекова 1996-жылдан бери муниципалдык кызматтарда эмгектенип келет. Анын курулуш тармагындагы финансы адистиги боюнча билими бар.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгына Гүлмира Жумабекова жетекчи болуп дайындалды.

Маалыматка караганда, ал мурда Биринчи май райондук акиминин орун басары болуп эмгектенген.

"Жумабекова борбор калаанын Капиталдык курулуш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган биринчи аял", — дешти мэриядан.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Улан Уезбаев убактылуу аркалап келген.

Гүлмира Жумабекова 1996-жылдан бери муниципалдык кызматтарда эмгектенип келет. Курулуш тармагындагы финансы адистиги боюнча билими бар. Бишкек мэриясында, "Бишкек башкы архитектура" ишканасында жана Мамлекеттик архитектуралык көзөмөл башкармалыгында эмгектенген.