Бишкекте 4 автоунаа кагышып, маршрутка жолдун четине ыргып кетти. Видео

Кадрдан 110-каттамдагы эл ташыган маршрутка жолдун четине чыгып кеткенин көрүүгө болот. Жерине инспекторлор жөнөп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Аалы Токомбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде төрт автоунаа кагышты.

Аталган кырсыктан кийинки видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү. Анда окуя бүгүн, 4-февралда, болгону айтылат.

Кадрдан 110-каттамдагы эл ташыган маршрутка жолдун четине чыгып кеткенин көрүүгө болот. Ары жактагы такси белгиси бар автоунаанын алды жагы мыйрыйып калган. Күн чыгыш тарабында дагы эки автоунаа кагышып токтоп турган.

Бишкек Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кырсык катталганын ырастап, окуя болгон жерге инспекторлор чыгып кеткенин билдирди. Толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалашты.