Сооронбай Жээнбеков Айгүл Рыскулованы жаңы кызматка дайындады

Айгүл Рыскулова 2014-жылы Бишкек шаарынын вице-мэрлигине дайындалып, 2018-жылдын 25-майында арызын жазып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскулова КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу экономикалык маселелер боюнча комиссиясына Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Дагы бир жарлыгы менен буга чейин аталган кызматты аркалап келген Зина Асанкожоеваны жумуштан бошоткон.

Айгул Рыскулова 2014-2018-жылдары Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген.