Пресс-борбор

"Жеңиштин ыктыярчылары": тарыхый эстеликти сактоо" аттуу видеокөпүрө

Иш-чара 3-февраль күнү саат 14.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт. Катышуучулар "Жеңиштин ыктыярчылары" кыймылынын иши жана тарыхый эстеликтерди сактоо менен алектенген волонтерлорду окутуу системасы тууралуу айтып беришет.
Sputnik

Ошондой эле кыймылга кимдер кошулуп, кимдер 9-майда Кызыл аянтта өтө турчу Жеңиш парадынын уюштуруу ишине жардам бере алары жөнүндө кеп кылышат.

Бишкектеги катышуучулар:

  • Анастасия Александровна ШЕВЧЕНКО — "Жеңиштин ыктыярчылары" долбоорунун координатору;
  • Баира Валерьевна БУВАЕВА — Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборунун жаштар жана ыктыярчылар долбоорунун куратору;
  • Ольга Вадимовна ФРОЛОВА — "Россиянын мекендештери" уюмунун координациялык кеңешинин мүчөсү;
  • Дмитрий Сергеевич ТЕКЛЮК — "Жеңиштин ыктыярчылары" мектеп отрядынын жетекчиси.
  • Москвадагы катышуучулар:
  • Александр БУГАЕВ — Жаштар иштери боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси;
  • Ольга АМЕЛЬЧЕНКОВА — "Жеңиштин ыктыярчылары" кыймылынын жетекчиси;
  • Александр ХИНШТЕЙН — Мамлекеттик Думанын маалыматтык саясат, маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагасы;
  • Константин МОГИЛЕВСКИЙ — "Ата Мекендин тарыхы" фондунун аткаруучу директору;
  • Елена МАЛЫШЕВА — Россиянын гуманитардык университетинин архивдик иш факультетинин деканы;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспекти, 46 (Чүй проспекти менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.