Шейшембиге карата аба ырайы

4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарына кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү, 4-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Тоо этектерине жана тоолуу райондорго,  Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлерине кар түшө тургандыгы айтылды.  Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тоңуп, тайгалак  болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +2 … +7, Таласта +1 … +6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3 … +8, Ысык-Көл аймагында 0 … +5 градус болот. Ал эми Нарын өрөөнүндө термометр  -8 … -13 градусту көрсөтөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр, кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада +5 … +7, Ошто +6 … +8 градуска чейин көтөрүлөт.