Өрттөнүп кетишти... Өзгөндө 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын сүрөттөрү

Бүгүн таңда Lexus ES300 автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрттөнүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Мырзаке айылында жети адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын сүрөттөрү жарыяланды.

Бүгүн, 3-февралда, Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында таңкы саат 03:30 чамасында автокырсыктан кийин чыккан өрттөн жети киши каза тапкан.

Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан. Жалын саат 4:18де чектөөгө алынып, саат 4:35те толук өчүрүлгөн. Куткаруучулар маркумдарды Өзгөн райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирген.

Каза тапкандар Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын жашоочулары болгону айтылды.