БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Быйылкы жылдын февраль айында абанын орточо температурасы жана жаан-чачын нормадан ашпайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Чүй облусу
Ай ичинде абанын орточо температурасы –1…–3 градусту түзөт. Ал эми түнкүсүн –3...–8ден –10...–15ке чейин жетет, облустун түндүгүндө бул көрсөткүч –16...–21ге чейин түшүшү күтүлүүдө. Күндүз температура –1...–6дан +3…+8ге чейин болот. Ай аяктап калганда күндүз күндүн табы +8...+13 градуска жакындайт.
Талас облусу
Абанын орточо температурасы -2...-4 градус нөлдөн төмөн. Түнкүсүн –3...–8ден –11...–16га чейин, күндүз –1...–6дан +4...+9га чейин. Айдын акыркы күндөрү аба +8...+13 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Айрым учурда гана түнкүсүн –17...–22, күндүз –4...–9 градус суук болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусу
Абанын орточо температурасы –1…+1, тоо этектеринде -1...-3 градус болот. Ай ичинде түнкүсүн –3…–8ден –2...+3кө чейин, күндүз +2...+7ден +8...+13кө чейин жылыйт. Февралдын аягында күндүз тепература +12…+17ге жетиши күтүлүүдө. Тоо этектериндеги аймактарда аба түнкүсүн –1...–6дан –8...–13кө чейин муздаса, күндүз 0...–5тен +3...+8ге чейин жылыйт.
Ысык-көл облусу
Абанын орточо температурасы -1...-3 градус нөлдөн төмөн, облустун чыгышында –4…–6. Түнкүсүн Көл аймагында –3...–8 суук болсо, чыгышында -7...–12ге жетет. Күндүз аба –2...+3төн +3…+8ге чейин жылыйт.
Нарын облусу
Облус боюнча абанын орточо температурасы –10…–12 градус болгонуна карабай Кочкор районунда аба ырайы салыштырмалуу жылуураак, -5...-7 болот. Түнкүсүн –8…–13төн –18…–23кө чейин муздайт. Айрым күндөрү Ат-Башы районунда түнкүсүн –22...–27, күндүз 0...–5тен 8...–13кө чейин төмөндөшү болжолдонууда.