Авиакырсык: Ирандын сунуштаган компенсациясына Украина макул болбой жатат

Зеленский Тегеранга ири суммадагы компенсация төлөттүрүү үчүн "басым жасарын" убадалаган. Учурда Украинанын бийлиги ар бир үй-бүлөгө 200 миң гривенден (560 миң сомдон ашык акча) берген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Иран өзүнүн аймагында учактын кулашынан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 80 миң доллардан компенсация берүүнү сунуштады. Бирок Киев андан баш тартып жатканын Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сөзүнө шилтеме берип "Известия" жазды.

"Менимче бул аз. Каза тапкан кишинин аялы ал үйдүн жалгыз багуучусу болгонун айтып, менин жумушум жок, балдарымды бутка тургузушум керек дегенде 80 миң доллар өтө эле аз болуп калууда", — деген Зеленский.

Ал Тегеранга ири өлчөмдөгү компенсация төлөттүрүү үчүн "басым жасарын" убадалаган. Учурда Украина бийлиги ар бир үй-бүлөгө 200 миң гривенден (560 миң сомдон ашык акча) берген.

Ошондой эле компенсациянын дагы бир бөлүгүн "Украинанын эл аралык авиалиниялары" төлөшү керек болчу. Бирок Иран санкцияга кабылгандан бери лайнердин камсыздандыруу компаниясынын ишине тоскоолдуктар жаралууда.

Мындан тышкары, Киев учактын кулашы боюнча баштапкыдай эле эл аралык сотко кайрылуу ниетинде экендиги айтылат.

Каргашанын чоо-жайы

Иранда кыйраган учак. Ракеталардын учуп чыгып бутага тийген учуру видеодо
2020-жылдын 8-январында Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Үч күндөн кийин Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышкан. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектисинин жанынан учуп бараткандыктан, аны АКШнын аскерий учагы деп жаңылыштык менен атып алган.