Бишкек: террорчулукка шектелип эл аралык издөөгө алынган киши кармалды

Кармалган 39 жаштагы киши сотко чейинки өндүрүштүк материалдын алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө абагына киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Сириядагы эл аралык террордук уюмдарга катыштыгы бар деп изделип жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны Бишкек шаарынан кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кармалган 39 жаштагы киши сотко чейинки өндүрүштүк материалдын алкагында УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Маалымат кызматы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгын кабарлады.