Ирандын борбору Тегеранга Бишкектен самолёттор түз уча баштады

Ар дүйшөмбү сайын ирандык Varesh Airlines авиакомпаниясынын Боинг 737-300 үлгүсүндөгү учактары каттап турат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкектен Ирандын борбор калаасы Тегеранга уча турган аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Тегерандан келген биринчи учак бүгүн Бишкекке конгон. Аны Транспорт жана жолдор министрлиги, "Манас" эл аралык аэропорту, Жарандык авиация агенттиги, Тышкы иштер министрлиги жана Туризм департаментинин жетекчилиги тосуп алганы айтылат.

Мындан ары ар дүйшөмбү сайын ирандык Varesh Airlines авиакомпаниясынын Боинг 737-300 үлгүсүндөгү учактары Тегеран — Душанбе — Бишкек — Тегеран багыты боюнча каттап турат. Учуу убактысы 2 саат 35 мүнөттү түзөт. Билет баасы бир тарапка 250 доллар болмокчу.