УКМК: сот аткаруучу жок кылынчу өрдөктүн этин 150 миң долларга сатып ийген

Биринчи Май райондук соту кызматкерине контрабандалык жол менен келген буюмду жок кылууга тапшырма берген. УКМК ал адам далил буюмдардын бир бөлүгүн алып калып, ишкерлерге саткан деп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Биринчи Май райондук сотунун соттук чечимдерди аткаруу бөлүмүнүн кызматкери далил буюмдарды өзүнө мыйзамсыз алып калып саткан деп шектелүүдө. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө былтыр 23-майда Биринчи Май райондук соту Кыргызстанга контрабанда менен келип, тартип коргоо органдары конфискациялаган 70 тонна өрдөк этин жок кылуу чечимин чыгарганы айтылат.

"Чечимди жүзөгө ашыруу С.Н.А. аттуу сот аткаруучуга тапшырылган. Бирок ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүп калуу максатында 5 тоннасын гана жок кылып, калганын жергиликтүү ишкерге 150 миң долларга сатып жиберген", — делет маалыматта.

Шектелип жаткан сот аткаруучу учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.