Борбор калаада биринчи жолу эл аралык өндүрүштүк көргөзмө өтөт

Ага Кыргызстан, Россия, Армения, Белоруссия, Казакстан, Түркия, Кытай, Индия жана Ирандын ондогон ишканалары катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Борбор калаада тогуз мамлекет катышкан эл аралык өндүрүштүк көргөзмө биринчи ирет өтөрүн Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Бишкекте меймандостук индустриясын өнүктүрүү боюнча ири форум өтөт
"Expo 2020 Kyrgyzstan-Eurasia" аталышындагы иш-чара 20-22-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында каалоочуларды  чакырат. Ага Кыргызстан, Россия, Армения, Белоруссия, Казакстан, Түркия, Кытай, Индия жана Ирандын ишканалары катышат.

Көргөзмөдө энергетика, билим берүү, транспорт, байланыш, жеңил өнөр жай тармактары боюнча продукциялар коюлат.

Иш-чаранын максаты — Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин экономикалык, илимий-техникалык, маданий алакасын өнүктүрүү.