БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Аба аркылуу жугуучу оорулардан бет кап аркылуу коргонуу үчүн аны туура тагынганды билүү керек экенин Роспотребнадзор билдирди.
Роспотребнадзор төмөндөгүдөй түшүндүрмө жана сунуштама берет:
— Бет капты эки тарабынан тең тагына берсе болот;
— Бет кап ооз-мурунду жылчыксыз жабуу керек;
— Бет капты чечип жатып анын үстүн кармалабаш керек. Эгер кармап алсаңыз, колуңузду самындап жууп же спирт менен жакшылап сүртүңүз.
— Суу же ным болуп калган бет капты дароо алмаштыруу зарыл;
— Бир жолку колдонулуучу бет капты дароо таштандыга салуу керек;
— Ооруган адам менен байланыш болгондон кийин бет капты дароо чечүү зарыл;
— Бет капты адамдар көп топтолушкан жерде, коомдук транспортто, оорулуу адамды кароодо кийүүгө болот. Ал эми таза абада жүргөндө тагынуунун зарылчылыгы жок;
Муну менен катар медиктер белгилегендей, бет кап тагынуу менен гана оорудан толук сактанууга мүмкүн эмес. Ал үчүн башка да көрүлүүчү чаралар бар. Мисалга, колду самындап жууп, оору жуктурган адамдан жок дегенде бир метр аралыкты сактап, дени сак жашоо кечирүүгө мүмкүн.