Лондондо киши элге бычак менен кол салды. Видео

Полиция окуя терроризм менен байланыштуу экенин болжоп жатат. Кылмышкердин колунан эки адам жабыркаганы маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. – Sputnik. Лондондун тштүгүндө белгисиз киши элге бычак менен кол салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​“Кылмышкер офицерлер тарабынан Стретэм аймагынан атып өлтүрүлдү. Учурда бир нече адамдын жаракат алганы айтылууда. Окуянын чоо-жайы такталып жатат”, - деп полициянын Twitter баракчасына жарыяланды.

​Полиция окуя терроризм менен байланыштуу экенин болжоп, эки адам жабыркаганын маалымдады.