Кытайда эми куш тумоосу тарап, 18 миң канаттуу жок кылынды

Жергиликтүү бийлик илдетти жайылтпоо максатында 17,8 миң үй канаттуусун жок кылды. Куш тумоосун киши жугузуп алган учур каттала элек.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Коронавирус илдетинин очогу болгон Хубэй провинциясынын түштүк тарабы менен чектешкен Хунань провинциясында куш тумоосунун жогорку патогендүү H5N1 түрү аныкталды. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын Айыл чарба министрлигине шилтеме берип жазды.

Россия региондорунда тамактануучу жайлар коронавируска каршы дезинфекцияланат
Мындай учур Шаоян шаарындагы Шуанцин районундагы фермалардын биринде катталган. Ишканада бройлер-жөжөлөр багылат. Ал жактагы 7850 үй канаттуунун 4500үнө оору жугуп, өлүп калган. 

Жергиликтүү бийлик илдетти жайылтпоо максатында 17,8 миң үй канаттуусун жок кылды. Куш тумоосун киши жугузуп алган учур каттала элек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, A(H5N1) тумоосу менен биринчи жолу 1997-жылы Гонконгдун тургундары ооруган. Дарттын кесепетинен алты киши көз жумган. Вирус 2003-жылы кайрадан пайда болуп, аны жугузуп алгандар Кытай менен Гонконгдо катталган. 2003-жылдын 5-майынан 2014-жылга чейин 15 өлкө ДСУга куш тумоосуна кабылган 665 адам тууралуу кабар берген. Бул убакыт аралыгында H5N1 вирусунан 392 адам көз жумган.