Кийимден тартып, көтөрүп чаап... Дзюдо боюнча КР чемпионатынан 12 сүрөт

Sputnik

Маткеримов: өлкөдө дзюдо менен машыккандардын саны 7000ге барды
Өлкө чемпионаты жети дубандан келген 300 спортчунун башын бириктирди. Кыздар төрт салмак категорияда (48 кг, 52 кг, 57 кг, 63 кг), ал эми эркектер үч салмакта (60 кг, 66 кг, 73 кг) күч сынашты.

Жалпысынан медалдын 14 топтому ойнотулду. Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланды.

Айрым белгилүү спортчулар Олимпиада оюндарына тандап алуу мелдештерине даярданып жаткандыктан Кыргызстандын чемпионатына катыша албай калышканы айтылды.

Турнирди өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен КРдин Дзюдо федерациясы уюштурду.

1 / 12
30-31-январда Бишкекте дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү
2 / 12
Өлкө чемпионаты жети дубандан келген 300 спортчунун башын бириктирди
3 / 12
Мелдеш Арча-Бешиктеги Ден соолукту чыңдоо борборунда өттү
4 / 12
Чемпионаттын жыйынтыгы менен курама командага кире турчу спортчулар тандалып алынат
5 / 12
Айрым белгилүү спортчулар Олимпиада оюндарынын тандап алуу турнирине даярданып жаткандыктан Кыргызстандын чемпионатына катыша албай калышты
6 / 12
Учурда бир дагы дзюдочу Токиодо өтө турган Олимпиадага жолдомо ала элек
7 / 12
Мурдагы Олимпиадага Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев катышкан
8 / 12
Кыргызстандын спортчулары эгемендик алгандан бери Олимпиададан 4 байге алган. Анын бири дзюдочу Айдын Смагуловго таандык
9 / 12
Мелдеште кыздар жана эркектер арасында жети салмак боюнча медалдын 14 топтому ойнотулду
10 / 12
Турнирди өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен КРдин Дзюдо федерациясы уюштурду
11 / 12
Дзюдо — XIX кылымдын этегинде Японияда пайда болгон уруш өнөрү
12 / 12
Дзюдонун негизги ыкмалары болуп көтөрүп чабуу, кайруу, бут менен чалуу болуп эсептелинет