Кыргызстанга Кытайдан 196 адам келди. Өлкөдөгү абал боюнча акыркы маалымат

Акыркы маалымат боюнча Кытайда аталган ооруну жуктуруп алгандардын саны 9720га жетсе, 213 киши каза тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. 1-февралга карата алынган маалымат боюнча Кыргызстанда коронавируска кабылган бейтаптар жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кытайдан 28-январдан 1-февралга чейин 196 адам келген, анын 182си кыргызстандык болсо, 13 киши — Кытай жараны, бир адам башка мамлекеттин жараны экени белгилүү болгон. Келгендердин баары тиешелүү медициналык процедурадан термосканер аркылуу өтүп, оору аныкталган эмес.

“Бүгүнкү күндө Сокулук районунун ооруканасында 3, Беш-Күнгөй айылындагы госпиталда 4 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жетөөнүн тең абалы канааттандырарлык”, — деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы маалымат боюнча Кытайда аталган ооруну жуктуруп алгандардын саны 9720га жетсе, 213 киши каза тапты.