Меккеге бара тургандардын кийимин жеке ишкер тигип бермей болду

Зыяратчылардын жилетин тигип берүү сынагына жети адам арыз берген. Конкурста калыстар кездемеге, анын өңү-түсүнө, тигилишине, дизайнына жана башка сапаттарына баа беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Меккеге зыяратка бара турган кыргызстандыктардын кийимин жеке ишкер Динара Акматбекова тигип бермей болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Январдын башында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы сынак жарыялаган болчу.

"Конкурска катышуу үчүн жети талапкер арыз берип, анын ичинен бирөөсү катышкан жок. Сынакта кездеменин курамына, өңү-түсүнө, тигилишине, дизайнына, кийимге коюлган наркына жана сапатына баа берилди. Мындан тышкары, тийиштүү документтери да каралды. Жыйынтыгында жеке ишкер Динара Акматбекова эң көп упай топтоп, сынактан жеңип чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Сауд Аравия падышачылыгы быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота бөлүп берген.