Трамп кыргызстандыктарга АКШда биротоло калып жашоого тыюу салды

Кыргызстандык жарандар эми АКШда жашоого жол берчү иммиграциялык карталарды ала албай калышты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Дональд Трамп алты өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алды. Тизмеде кыргызстандыктар да бар. Бул тууралуу Reuters кабарлады. 

Россияда эмгектенген кыргызстандыктар көп таба башташабы? Серепчилердин пикири
Документ 1-февралда жарыяланды. Чектөө Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзанияга тиешелүү. Биринчи төрт мамлекеттин жарандарына АКШда өмүр бою калууга жол ачкан иммиграциялык карталар берилбей турган болсо, Судан жана Танзания үчүн грин-карттар жоюлду. Ал эми иммиграцияга тиешеси жок визалар мурунку тартипте бериле бермекчи.

АКШнын ички коопсуздук министринин милдетин аткаруучу Чед Вульфтун айтымында, аталган алты өлкө Американын коопсуздук стандарттарын аткара алышкан эмес. Чектөө киргизүүгө ушул нерсе себеп болгон. Мында кеп паспорттук технологиядан тарта террорчулукка шектүүлөр менен кылмышкерлер тууралуу маалымат алмашууда маселе жаралганы айтылды.