"Кыргызфильм" киностудиясы 2 телесериал тартууга сынак жарыялады. Шарт-талабы

Сериал социалдык мааниде болуп, мекенди сүйүү, улуттук каада-салтты сактоо жана өнүктүрүүгө үгүттөшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы кыргыз тилинде эки телесериал тартууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тил комиссиясы калемгерлер арасында сынак жарыялады
Сериал — сүйүү, патриоттуулук, улуттук каада-салтты сактоо сыяктуу социалдык маанини камтышы керек. Ошондой эле жаш муунду тарбиялоого арналган сценарий жазылышы шарт.

Бир сериал 12 бөлүмдөн туруп, ар биринин узактыгы 40 мүнөттөн болушу керек. Бир телесериалга (12 бөлүм) беш миллион сом сарпталат.

Сынакка бардык жарандар жана чыгармачылык уюмдар катыша алат. Документтер 29-февралга чейин кабыл алынары айтылды. Сериал 2020-жылдын 1-октябрында эфирден көрсөтүүгө даяр болушу керек.

Түшкөн сценарийлердин документтери Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан түзүлгөн сынактык комиссия тарабынан каралат.