БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргыз-Кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери убактылуу жабылып, аба каттамдары токтотулду. Коронавирус илдетин алдын алуу үчүн түзүлгөн атайын штаб 1-февралда ушундай чечим кабыл алганын өкмөттөн билдиришти.
Ушу тапта бардык өткөрүү пункттарында, Бишкек менен Оштун аэропортторунда санитардык-карантиндик көзөмөл жайлары иштеп, Кыргызстандын чек арасын кесип өткөн бардык жарандар тиешелүү текшерүүдөн өтүп жатышат.
“Ооруканаларда аталган илдетти жуктуруп алгандар болуп калса деп атайын палаталар дайындалган”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин өкмөт тарабынан коронавирустун өлкө аймагында жайылышын алдын алуу үчүн иш-чаралардын планы бекитилген.
Акыркы маалымат боюнча, оорунун очогу болгон Кытайда аталган дартты жуктуруп алгандардын саны 9720га жетсе, 213 киши каза тапты.