Байтик айылында үч автоунаа кагышты. Кырсыктын сүрөттөрү

Жол кырсыгы бүгүн кечки саат 19.15дер чамасында болгон. Оор жаракат алгандар жок экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Байтик айылынын кире беришиндеги негизги жолдо үч жеңил автоунаа кагышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө кабарлады.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 1-февралда, саат 19.15дер чамасында болгон. Анда Subaru Forester, Honda Accord жана Audi 80 үлгүсүндөгү машиналар кагышкан.

"Айдоочулардын билдиргенине караганда, кырсыкка жолдун тайгактыгы себеп болушу мүмкүн. Анткени күндүзү кар эрип, кечинде жолго муз тоңуп калган экен. Катуу жаракат алгандар байкалган жок. Жеңил жараат алгандарды жолдо өтүп бараткан айдоочулар ооруканага алып кетти”, — деди күбө.

Ал ошондой эле кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы да чакырылганын кошумчалады.