Азыр Антарктидада 90го чукул илимий, анын ичинде россиялык станциялар, пингвин жана башка түпкү байырлоочулардын колониясы бар. Туристтер жайкысын келишет, ал эми полярчылар (экспедиция курамындагылар) жыл бою ошол жакта.
Түштүктүн түбүндөгү муз каптаган жер
Антарктида бир да өлкөгө караштуу эмес. Ал жакта дүйнөнүн булуң-бурчунан барган окумуштуулар изилдөө жүргүзүшөт, туристтер келишет. Бирок саякатчылар катаал аба шарттарына туруштук бере тургандай даярдыкта болушу абзел.
Орточо аба температурасы — 50 градус суук. Эң төмөн аба температурасы — минус 89,2, континенттин түпкүрүндө жайгашкан "Восток" россиялык станциясында катталган. Экспедициячылар "минус" деген сөз дээрлик колдонулбаганын айтышат. Себеби айтпаса да түшүнүктүү. Планетанын түштүгүндө жайгашкан эң суук бөлүгү. Бирок ал жактан барга да кире аласыз, өрт өчүрүүчү бөлүк, атүгүл төрөт үйү да иштейт.
Россиялык "Беллинсгаузен" станциясында аба температурасы нөлдөн өйдө болгон учур да бар, маселен, февралда орточо +1,1 болот, бул жерди тамашага чала "курорт" деп атап коюшат.
Антарктидага алып барчу жол
Турист катары бул жакка барыш кыйынга деле турбайт, бирок өтө кымбат. Эң жеңил жолу — Ушуаядан (Аргентина) лайнер менен сапар алуу. Программа баасы маршруттун узактыгына жараша 6,5 миң доллардан башталат. Аргентинага чейинки жол кире өзүнчө төлөнөт. 10-15 миң долларлык узак турлар да бар, ал эми 29 миң долларга VIP-круиз сунушталат.
Негизинен саякат үчүн 50 миң доллар төлөөгө да даяр болуу абзел. "Туристтер баары уюштурулган тигил же бул жерден гана түшүрүлөт. Көзөмөл өтө катуу: бир да таш алууга болбойт, канаттууларга жакын жолоого тыюу салынат", — деп түшүндүрөт Россия Илимдер академиясынын океанология институтунун атайын тобунун жетекчиси Сергей Писарев.
Антарктидага аттангандардын баары үчүн башкы эреже — чоочун микроорганизмдерди алып келбөө. Ал жакка баргандардын жада калса сууларын да алып коюшат (суу кардан, муздан, тузсуз көлдөн чыгарылат). Ал эми кийимдер дезинфекцияланат.
Андай саякаттарды уюштурган операторлордун айтымында, саламаттык боюнча атайын талаптар жок. Бирок шашылыш эвакуацияны кошо жаба тургандай камсыздандыруунун болушу — милдеттүү талап.
"Эгер оору катуу болсо, ал жакка аттанбай эле койгон оң, антпесе, башкаларга жүк болуп калышың мүмкүн", — дейт экспедициячы, 1-класстагы муз чалгындоочу Константин Зайцев.
Жылуу, бирок аба өткөргөн кийим, жылуулук кармаган ич кийим, кулактарды, чекени жапкан баш кийим, жүздү шамал жана аяздан сактай турган бет кап, суу кирбеген жылуу ботинка, мээлей, кол кап зарыл. Алардын бир тобун убактылуу пайдалануу үчүн да алууга болот. Дүрбү да зарыл, анан сөзсүз түрдө фотоаппаратыңыз болушу керек.
Экспедициячылар кандай күн кечиришет?
"Ар бир кишинин өз бөлмөсү бар. Орток каюталык бөлмө да бар, анда кино көрүшөт, чай ичишет, лекция угушат, гитарада ойношот. Оюн залында пинг-понг үчүн стол орнотулган. Машыгуу залы, жалпы ашкана жана кампус бар", — деп сүрөттөйт Антарктидада кыштап келген режиссёр-документалист Ольга Стефанова ал жактагы тиричиликти.
Анын айтымында, саат сегизде таңкы тамак ичилет. Анан иш орундарына чыгышат. Баары чогулуп бир маселе үстүндө иштеген учурлар да болот. Саат экиде түшкү тамакка чогулушат, анан кайра ишке жөнөшөт. Саат жетиде кечки тамак ичилип, бош убакыт берилет. Ишемби — бүтүндөй станция үчүн мончого түшчү күн.
Экспедициячылар шишкебек жасап, табиятта ар кандай иш-чараларды уюштурушат, бири-бириникине мейманчылашат. Маселен, "Беллинсгаузен" станциясынын жанында чилилик полярдуу "Фрей" аттуу станция бар. Ал жакта офицерлер үй-бүлөсү — жубайлары жана бала-чакасы менен бирге турушат.
Жалпы антарктикалык да майрамдарды өткөрүшөт. Күндүн толгон күнү — 22-июнь белгиленет, бул — ал жактагы башкы майрам. Станцияларда 500 миң жылдык муз кошулган коктейль менен банкеттер өткөрүлөт, бильярд ойношот, торт кесип, шампан ичишет.
Үлпөт той, туулган күн кечелери жана сөөк коюу
Антарктидада да үлпөт той өтөт, ымыркайлар төрөлөт. Ал түгүл "Беллинсгаузенде" православдык храм, ал эми Буромский аралында ("Мирный" станциясынан анчалык алыс эмес жерде) көрүстөн да бар.
Анын айтымында, жеке кайрымдуулук менен каражат топтолуп, эски металл күмбөздөр дат баспаган металл менен капталып, жазуулары калыбына келтирилген. Экспедициячылар кимдин кайда көмүлгөнүн эстөөгө көмөктөшүшкөн. Андан соң үч жыл бою маркумдардын туугандары, дос, кесиптештерин издөө боюнча көп күч талап кылынган иш жүргөн. Аңгеме-баяндар, каттар, ырлар, сүрөттөрдөн турган кайталангыс бир тасма тартылган.
Кайтыш болгондордун арасында чет өлкөлүктөр да бар. Мисалы, швейцариялык Бруно Зендер — пингвиндерди тарткан дүйнөдөгү мыкты сүрөтчү. Ал сүрөт тартууга чыгып, 1997-жылы каза тапкан.
"Көбүнчө ал эч ким тоскоол болбосун деп жалгыз чыкчу, табиятка сүңгүп, уникалдуу кадр жаратуу үчүн учурду кармай билчү", — дейт Константин Зайцев.
Пингвиндер трактор "оңдошот"
Континенттин түпкү байырлоочулары — пингвиндер, алардын императордук, Адели жана башка түрлөрү, каракчы куш, бороончулар жана альбатрос өңдүү деңиз куштары да бар. Сүт эмүүчүлөрдөн деңиз жандыктары байырлайт, кургакка Уэдделла тюлендери, тюлень-крабоеддер, деңиз кабыландары, Росса, деңиз пилдери чыгат. Жээктен дельфин жана киттерди көрүүгө болот.
"Пингвиндер аябай ынтызар, адамдарга ынак келишет. Станцияга өздөрү келип, терезелерден акмалашат, — дейт Ольга Стефанова. — Механиктин тракторду оңдоп жатканын көрсө, бул канаттуулар келип, байкап, анан баарлаша да кетишет".
Тюлендерге да жакын жолоого болот, бирок сылаганга тыюу салынат, анткени алар жырткыч болуп саналат.
Жаныбарлар менен канаттуулар туристтерден чочуркабайт деле, алар айрыкча жайкы убакта (россиялык кыш) ондоп саналат. Саякатчылар пингвиндер менен сүрөткө түшүп кете беришет. Узак жүрүп, тоо сайранын кургандар да бар: Антарктидада жарыштар, кинофестиваль, концерттер да өтүп турат. Мисалы, 2013-жылы Metallica концерт берип кеткен.