Баарына тиешелүү эмес! Элчилик АКШга кирүүгө коюлган чектөөгө түшүндүрмө берди

АКШ кыргыз паспортторун берүүдө тыкыр көзөмөл болбой жатканын жүйө келтирип, чектөө киргизгенин айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргызстандыктарга виза берүүгө киргизилген чектөө боюнча түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, бүгүн Америка лидери Дональд Трамп Кыргызстан жана беш өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алган.

"АКШ өлкөнүн коопсуздугун жана бакубат жашоосун коргоо максатында кыргыз иммигранттарын убактылуу токтотууга жана "Грин-карт" (Diversity Visa) визаларын берүүгө чектөө киргизди. Бирок АКШ өкмөтү туристтик, бизнес, студенттик жана алмашуу долбоорлоруна арналган иммиграциялык эмес визаларды берүүнү улантат", —деп айтылат маалыматта.

Визалык чектөөлөр жарандардын өздүгүн аныктаган документтерин тыкыр текшерүүдө коопсуздук чараларынын чабалдыгы аныкталгандан кийин киргизилгени белгиленет.

Ошондой эле элчилик кыргыз паспортторун берүүдө тыкыр көзөмөл болбой жатканын жүйө келтирген.

АКШ айрым кош бойлуу аялдарга виза бербей турган болду. Себеби
"КР Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 2015-2017-жылдары кыргыз паспортторунун мыйзамсыз берилиши боюнча 64 кылмыштын иликтөөсү башталган. Ал эми ИИМ бир гана 2019-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 36 паспортту мыйзамсыз чыгарганын билдирген. 2019-жылдын декабрында МКК Германиядагы олуттуу кылмышка аралашкан адамдар кыргыз паспортторун жасалмалашканын кабарлады. Америка Кошмо Штаттары кыргыз паспортторун чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдирет", — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан улам АКШ кыргыз бийлигин паспорт берүүдө көзөмөлдү күчөтүүгө, электрондук жана биометрикалык паспортторду иштеп чыгууга, ошондой эле жоголгон жана уурдалган паспорттор тууралуу Интерполго өз убагында маалымат берип турууга чакырат.

"АКШ президентинин жарлыгына ылайык, бир дагы виза кайтарып алынбайт. АКШда жүргөн же 31-январга карата виза алган жарандарга жарлыктын тиешеси жок. Чектөөлөрдүн түбөлүктүү болушу шарт эмес. Ар бир иштин жагдайына жараша маселе оң чечилиши мүмкүн. Иммиграциялык иштеринин каралуусун күтүп жаткан жарандар АКШнын Бишкектеги элчилигинин Консулдук бөлүмүнөн толук маалымат алуу үчүн ConsularBishkek@state.gov дареги аркылуу байланышуу сунушталат", — деп жазат элчилик.

Соңунда АКШ кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана бакубат жашоосун бекемдөө үчүн эки тараптык мамилелерди өркүндөтүүгө болгон аракеттерин улантары белгиленет.