Эл даттангандан кийин Салык кызматынын 58 кызматкери жазаланды

Салыкчылардын кетирген мүчүлүштүктөрү жана ишкерлердин мыйзам бузуулары боюнча 179 кайрылуу келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы жарандардын кайрылуусунун жыйынтыгы менен 58 кызматкерин жазалады. Бул туурасында аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр салык төлөөчүлөрдөн 179 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Анын ичинен жазуу жүзүндө 82, электрондук почтадан 46, ишеним телефонуна 48 жана ЖМКлар аркылуу үч билдирүү жөнөтүлгөн.

"Кайрылуу жана даттануулардын 119у салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу болгон. Ал эми ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы боюнча 29 маалымат түшкөн. Калганы ар түрдүү маселелер. Арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн натыйжасында 55 факты аныкталып, үчөө жарым-жартылай тастыкталган, бирөө каралып жатат. 56 билдирме тастыкталган жок", — деп айтылат маалыматта.

Финпол салыгын жашырган ишканадан 143 млн. сом өндүрдү
Такталган фактылар боюнча Салык органдарынын төрт кызматкери жумуштан бошотулду. 10 катуу сөгүш, 16 сөгүш, 17 эскертүү жарыяланып, 6 кызматкерге катуу эскертүү берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан мыйзам бузуулар тууралуу 29 кайрылуунун ичинен 11 факты тастыкталып, экөө жарым-жартылай ырасталган. Аларга карата административдик жаза-чаралары колдонулду. 16 арыз боюнча айтылгандар тастыкталган эмес.

Жарандар салыкчылардын иштери жана салык мыйзамдарын бузган ишкерлер боюнча төмөнкү даректер аркылуу даттанса болот:

  • Ишеним телефону: 0 (312) 61-31-89
  • Түз байланыш: 0779 61-31-89
  • Электрондук дарек: info@sti.gov.kg.

Мындан тышкары, коомдук кабылдамага келип кат жүзүндө же оозеки кайрылууга болот. Салык кызматы түшкөн даттануулар боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүүлөрдү жүргүзөрүн белгиледи.