Россияда коронавирус жуктурган эки кытайлык жаран аныкталды

Бийлик вирустун тарап кетүү коркунучу жок экенин билдирип, бейтаптардын абалы туруктуу деп маалымдады.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Россияда эки адамга коронавирус жукканы аныкталды. Бул туурасында РИА Новости Россиянын вице-премьери Татьяна Голиковага таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, учурда бир бейтап Забайкалье аймагында, экинчиси Тюмен облусунда жатат. Экөө тең Кытай жараны. Голикова вирустун өлкө аймагына тарап кетүү коркунучу жок экенин билдирди.

Ал эми Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова бейтаптардын дене табы көтөрүлбөгөнүн жана абалдары туруктуу экенин билдирди.

Коронавирус тууралуу

Коркпош керек! Коронавирустан толук айыккан алгачкы аялдын маеги
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган.

Коронавирус Кытайдан тышкары Түштүк Корея, Камбоджа, БАЭ, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия, Германия жана Шри-Ланкага жеткени белгилүү болгон.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдагы коронавирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады. Соңку маалыматтар боюнча оорудан 213 адам каза таап, 10 миңге чукул кишиге илдет жукту.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери