БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Исакулов президентти аталган тармакты санариптештирүүнүн жүрүшү менен тааныштырган. Ал 2018-жылга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жетпей келсе, 2019-жылы электрондук сатууну жана аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу 191 миллион сомго жеткенин белгилеген. Ал эми мүлктү башкаруудан бюджетке 2,4 миллиард сом түшкөн.
"Ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлктүн электрондук реестри иштелип чыкты. 2020-жылы сатып алуулар боюнча электрондук онлайн аукционду киргизүү жана дагы 1261 акционердик коомдорду инвентаризациялоо пландалууда. Объектилерди ижарага берүү, андан ары сатуу менен алектене турган "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси ачылды. Бул ар бир жарандын аукционго онлайн режимде катышуусуна мүмкүнчүлүк берет жана процесстин толук ачык-айкын болушун камсыз кылат", — деп айтылат маалыматта.
Жээнбеков алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө басым жасоо керектигин белгилеген.