Министрлик: Кыргызстанга 500 миң бет кап алып келинет

Саламаттык сактоо министрлиги бет капты Түркия, Корея же Индия мамлекеттеринен алдыруу пландалып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Медициналык каражаттар 3-февралда алып келинет деп күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстанга келерки жумада 500 миң бет кап алып келинерин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бет капты Түркия, Корея же Индия мамлекеттеринен алдыруу пландалып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Медициналык каражаттар 3-февралда жеткирилет деп күтүлүүдө.

Коркпош керек! Коронавирустан толук айыккан алгачкы аялдын маеги
Буга чейин өлкө Россия, Казакстан жана Кытайдан бет кап алдыртып келген, бирок бул мамлекеттер экспортко убактылуу тыюу салды.

Кыргызстан дагы маскаларды сыртка ташууга бөгөт койду.

Министрлик Кытайда коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу бет каптарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн фармацевтикалык компанияларды маскаларды аз санда сатууга чакырды. Ошондой эле бир адамга 20дан ашык бет кап сатпоо сунушталды.

Мындан сырткары, жеке жактарга вирус, инфекция жана бактерияларга каршы дары-дармек менен коргоочу каражаттардын баасын жогорулатпоо эскертилген.

Министрликтен өлкөдө бет кап, вируска каршы препараттар жана дезинфекциялык каражаттар жетиштүү санда бар экенин кошумчалашты.

Коронавирус тууралуу

ТИМ: кыргызстандыктарды Кытайдан алып келүү каралууда
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган.

Коронавирус Кытайдан тышкары Түштүк Корея, Камбоджа, БАЭ, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия, Германия жана Шри-Ланкага жетти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдагы коронавирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады. Соңку маалыматтар боюнча оорудан 213 адам каза таап, 10 миңге чукул кишиге илдет жукту.