Кыргызстан Грузияга темир жол аркылуу мазут ташый баштады

Эл аралык каттам аркылуу мазуттун эки составы жөнөтүлдү. Кезекте дагы бир партия Батумиге жөнөтүлүү алдында турат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстан Грузияга мазут жөнөтүп баштаганын жана эки партиясы жөнөтүлгөндүгүн "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын декабрында Ташкентте Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын темир жол башчыларынын жолугушуусу болгон.

Өзбекстан жаратылыш газын экспорттобой калышы мүмкүн. Себеби
Тараптар "Азиялык-тынчокеандык аймактарга кирген  Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Азербайжан — Грузия — Европа" мультимодалдык эл аралык каттамды өнүктүрүү жана контейнерлик поезддерди ыкчам өткөрүү жолун жана бирдиктүү бажы төлөмүн киргизүүнү талкуулашты. Бул Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн арасындагы гана эмес, Европа жана Азиянын башка мамлекеттери менен болгон сооданы жакшыртууга негиз болот.

49 цистерна мазут жүктөлгөн алгачкы поезд 21-январда Кара-Суу районунан Батумиге Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжан  аркылуу жеткирилген. Биринчи каттам ийгиликтүү ишке ашкандан кийин Кара-Суудан дагы бир поезд 48 цистерна менен жөнөтүлдү.

Учурда дагы бир партия жөнөтүлүү алдында турат. Мында мазут-100 экспорттолмокчу. Жүктү "Кыргызнефтегаз" ААКы жөнөтүүдө.