Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос 15 мүнөттө 13 млрд. доллар тапты

Компаниянын акциясынын 12 пайызына ээлик кылган Безостун байлыгы болжол менен 129,5 миллиард долларга жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана директору Жефф Безостун байлыгы 15 мүнөттүн ичинде 13,2 миллиард долларга көбөйдү. Бул туурасында Bloomberg порталы жазып чыкты.

ЖМКлар Конор Макгрегор миллиондорун кайда короторун жазып чыкты
Amazon компаниясынын посмаркеттеги акциялары 30-январь күнү ири секирик жасап, 12 пайызга чейин өскөн. Ишкананын кварталдык отчётунда таза пайда 87,4 миллиард долларды түзгөнү айтылат. Ал эми бир акциядан түшкөн пайда 6,47 долларды түзгөн. Мындай көрсөткүч эксперттерди таң калтырды, алар 4,11 доллардан пайда көрөт деп болжоп жатышкан.

Мындан улам компаниянын акциясынын 12 пайызына ээлик кылган Безостун байлыгы болжол менен 129,5 миллиард долларга жеткен. Мындай өзгөрүүлөр жума күнү Bloomberg Billionaires Index порталы чыгарган рейтингде көрсөтүлгөн.