Бишкекте жол кырсыктан аскер адамы каза таап, төрт жаштагы кызы жабыркады

Нуркамал көчөсүндө, "ДК" соода борборунун жанында Audi менен Lexus кагышып кеткен. Натыйжада бир адам көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыктын кесепетинен аскер адамы каза таап, анын төрт жаштагы кызы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Кайгуул күзөт милициясынан билдиришти.

Окуя бүгүн саат 07.30да Нуркамал көчөсүндө, "ДК" соода борборунун жанында болгон. Маалыматка караганда, Audi менен Lexus кагышып кеткен.

Аскер адамы Audi унаасын башкарып бараткан. Кырсыктан кийин ал ооруканага жеткирилип, алган жараатынан улам түштөн кийин каза тапкан. Ал эми маркумдун кызы үчүнчү балдар ооруканасында жатат. Lexus автосунун айдоочусу болсо жаракат алган. "Ал качып кетти" деген маалыматты милиция четке какты.

Унаалар айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.