БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышып жатат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жыйында 14 маселе талкуулана турганы айтылат.
Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга багытталган маселелер бар. Ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу келишиминин үстүндө иштөө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртуу иштери каралмакчы.