Учакта кур тагына албай уят болгон келин 76 килограммга арыктады

Бонас турмушка чыгып, Улуу Британияга көчүп баргандан кийин фаст-фудга кызыгып, күнүнө ал жакка 3-4 жолу каттап калган. Тагыраагы, эртең менен эки, күндүз эки бургер жечү.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Канадалык 32 жаштагы Келси Бонас аттуу келин учакта борт коштоочуларга уят болгондон кийин 76 килограммга арыктады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Бонас турмушка чыгып, Улуу Британияга көчүп баргандан кийин фаст-фудга кызыгып, күнүнө ал жакка 3-4 жолу каттап калган. Тагыраагы, эртең менен эки, күндүз эки бургер жечү. Кечки тамакка куурулган тоок этин жакшы көрчү.

Ошентип бир нече айдын ичинде келиндин салмагы 136 килограммга жеткен.

Бир ирет аял учакка отурганда коопсуздук курун тарта албай кыйналган. Ага борт коштоочулар жардамга келип, көпкө убара болгон соң курду кошумча узартып берүүгө туура келген.

"Мындан кийин ал бир нече жолу диетага отуруп, бирок арыктай албай койгон. Жыйынтыгында операция жолу менен тамакты көп жебеш үчүн ашказанына атайын аппарат койдурган", — деп айтылат макалада.

Бирок өзү Daily Mail басылмасынын журналисти менен сүйлөшүп жатып, бул операция арыктоосуна 20 пайызга гана таасир эткенин, калганы өзүнүн аракети менен болгонун айткан.

Азыр ал 60 килограмм. Instagram барсакчасындагы сүрөттөрүнө караганда, учурдагы дене-боюна, келбетине өзү ыраазы, спорт менен алектенет.