БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Пенсияга эрте чыгуу жобосун алып салуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.
Жетекчи пенсионерлердин саны өсүп жатканын тастыктап, бул бара-бара чыгымдын көбөйүшүнө алып келерин айтты. Ошол себептен реформа зарыл. Ирсалиев ушу тапта аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыга аларын эскертти.
"Пенсияга мөөнөтүнөн мурда көп категория боюнча чыгышат. Мисалы, күч түзүмдөрүндө иштегендер 40 же 45 жашынан пенсияга чыгып кетишет. Аялдардын негизги массасы иш тажрыйбасына карап 55 жашынан, ал эми эркектер 60 жашынан пенсияга чыгышат. Биз жеңилдиктерди алып салышыбыз керек. Ошондо бир топ акчаны экономдоп калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мыйзам долбоорун даярдап, анда 58/63 жаш өзгөчөлүгүн калтырабыз, болгону жеңилдиктерди алып салабыз", - деди Ирсалиев.
Маалыматка караганда, 2016-жылы Соцфонддун чыгымы 42,5 миллиард сомду түзсө, азыр 57,1 миллиардга көбөйдү. Чыгымга кеткен акча республикалык бюджеттен бөлүнөт, анын жыл сайын өсүп жатканы белгилүү. 2016-жылы 16,1 миллиард сомду түзсө, бул жылы 22 миллиардга жеткен. 2016-жылдын башында 604,8 миң пенсионер болсо, өткөн жылдын октябрында 667,8 миң пенсия курагындагы адам катталган.