Айылдык аксакал ордунан тура калды... Маршруткадагы жүрөк жылыткан окуя

Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.
Sputnik

Sputnik агенттиги окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул жолу маршруткадагы улгайып калган аксакалдын жакшылыгы тууралуу сөз болот.

Ак жарык. Канададан баштыкка буюртма берип, өмүр узарткан мекендештер
Апта аягы. Жумуштан чарчап чыгып, көнүп калган 185-маршруткага отурдум. Бул маршрутка жаңы конушка, биздин районго каттаган жападан жалгыз транспорт. Жердин баарын айланып, элдин баарын салат. Таң аткандан күн батканга чейин киши үзүлбөй түшөт. Ак-Ордонун жолуна ушул эле түттү окшойт. Айтор, акордолуктардын көзгө басары. Ал каттабай калса кантебиз, билбейм.

Маршруткага түшсөм, адаттагыдай ичинде киши жыкжыйма. Эптеп жылып жатып артына өттүм. Курсагым ачка болгонгобу, бир маалда көңүлүм айланып, дем жетпей кыйнала баштадым. Отургум келди. Түшүп калайын дейм, кайра бир саат маршрутка күтүш керек. Таксиге да тыйыным калбай калган. Айла жок, чыдап турдум. Дем жетпегенинен топумду чечип, шарфымды алып, автоунаанын кармагычына башымды жөлөдүм...

Анымды арттагы улгайып калган аксакал байкаган окшойт. "Кызым, кел бул жакка отуруп алчы" деди. Жашы 60тарга барып калган адам экен. "Жок, отура бериңиз" дедим. Болбой эле "кел, мен бир аздан кийин түшөм" деп эң акыркы орундукту бошотуп берди. Жанымда эле кыз-жигит отурган. Анын жигити байкап, маани да берип койгон жок. Кызына жөлөнүп уктамыш болуп калды.

Отурарым менен терезени бир аз ачып, дем алып, кыйшайып уктап кетиптирмин. Көзүмдү ачсам баягы мага орун бошотуп берген байке түшө элек экен. Баштыгын кармап алып турат. Чочуп кеттим, уялдым. "Байке, сиз түшпөйт белеңиз, келиңиз отуруңуз" десем. "Жок, отура кой" деди. Аңгыча болбой жанымдагы окуучу кыздар түшүп кетип, тиги байке кайра отурду. Шаарда бейтааныш адамдар бири-бири менен сүйлөшпөйт эмеспи. Тиги байке айылдан келиптир, мени биринчи көрсө да эски таанышындай божурап баратты.

— "Жаштар орун береби десем, эч ким унчукпайт. Кыйналып жатканыңды байкадым. Алдымдагы жигит деле уктап калды окшойт... Мен да Ак-Талаадан келгем. Белим ооруп дарыгерге көрүнүп жүрөм", — деди.

"Ии, белиңиз ооруп жатса, отура бербейт белеңиз... Сизди түшөт го деп ойлоп отуруп алгам да...", — деп жаман болуп кеттим.

"Ак жарыкты" баштайбыз! Баш редактордун окурманга каты
"Ай, эч нерсе эмес. Андан эч нерсе деле болбойбуз. Грыжа дегенинен бир кишиге белимди көрсөтүп жатам. Операция кымбат экен, анын үстүнө бычак тийгизгим келген жок. Сен жанагы чоң сааттын жанынан түштүң го, ээ?" — деп жеткиче сүйлөп барды.

Аны угуп баратып көчөбүздөн өтүп баратыптырмын. Ырахматымды айтып "тезирээк сакайып кетиңиз" деп түшүп кеттим.

Бакылдаган акталаалык аксакалга ал күнү абдан ыраазы болдум. Жашмын, орунга, отурганга деле азыр муктаж эмесмин. Бирок ошол күнкү абалымды түшүнүп, улуу башын кичүү кылып, ооруп жатса да туруп бергени адамгерчилик эле. Жанымда отурган жаш жигит андай ажат ачмак тургай, маршруткага кирген-чыккан адамды байкап да койгон жок. Кулакта кулакчын. Сүйүктүүсүнө жаңы жеткен немедей же паркта отургандай ага башын жөлөп уктап кетип баратты.

Шаарда иш көп. Кээде майда-барат нерселерге маани бербей жүрө беребиз. Кайыр сураган канчалаган адам көчөдө отурат. Ага деле маани бербей калганбыз. Өлүм менен күрөшүп канча адам дарыланууга акча сурайт, буга деле көнүп калганбыз. Маани бербейбиз. А бирок адамдын көңүлү гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрүшү ыктымал. Ушуну унутпайлы. Адамгерчилик деген сапатты жоготуп албай, анда-санда болсо да ажат ача жүрөлү!