БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 170 адамга, ал эми ооруну жугузгандардын саны 7711ге жетти. Ошондой эле Тибетте да алгач ирет вирус жуктурган учур катталгандыгын РИА Новости басылмасы кабарлады.
Тибет өлкөнүн коронавирус каттала элек акыркы аймагы болчу.
Бир сутка ичинде Кытай бийлиги 1737 адамдын вирус жуктургандыгын жана 38 жарандын (37 Хубэйден, бирөө Сычуандан) каза болгондугун каттады. Ал эми ушул сутка ичинде ооругандардын 124ү айыгып ооруканадан чыгарылган.
Илдеттин очогу өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ухань шаарында декабрдын башында катталган. Оору Кытайдан башка Гонконгдо, Макаодо, Тайванда, Таиландда, Японияда, Түштүк Кореяда, АКШда, Канадада, Вьетнамда, Сингапурда, Непалда, Францияда, Австралияда, Малайзияда жана Германияда катталган.