Устанын тогосу жок. Кадр кызматы 10 айдан бери директору жок отурат

Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалгандан кийин директорлук кызмат бош калган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Мамлекеттик кадр кызматынын директору 10 айдан бери дайындала элек.

Мурдагы жетекчи Акрам Мадумаров өткөн жылдын 1-апрелинде өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Ошондон тарта Кадр кызматы жетекчисиз иштеп жатат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары иштен алынып, башкасы дайындалды
Президенттин маалымат кызматы учурда директордун милдетин статс-катчы Бакытбек Сагынбаев аткарып жатканын билдирди. Жетекчинин ушул кезге чейин эмнеге дайындалбай жатканынын себеби айтылган жок.

Белгилей кетсек, Кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу менен алектенчү орган. Ошондой эле кызматкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыгын жана укуктарын камсыз кылат. Президентке баш ийип, отчёт берет.