БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. ЖМКлар менен социалдык тармактын колдонуучулары коронавирустан коргонуу үчүн башына желим бөтөлкө кийген кишилердин сүрөт, видеосу менен бөлүшүүдө.
Сүрөттөр Ванкувер шаарындагы эл аралык аэропорттон тартылган.
Вирустан мындай жол менен коргонуу дарыканаларда бет кап тартыштыгынан жаралышы мүмкүндүгү айтылат. Башка кадрлардан Гонконг менен Шанхай (Кытай) аба майданынын жүргүнчүлөрүн көрүүгө болот.
Видеодон адамдар 5 литрлик желим бөтөлкөнү башына кийип, аба кирип туруу үчүн анын ооз жагын ачып койгону байкалат.
Соңку маалыматтар боюнча, Кытайда тарап жаткан коронавирустан 170тен ашуун киши каза тапты.