Чүйдө катуу бараткан автоунаа бир кишини учура сүзгөнү видеого түшүп калган

Окуя саат 21.00дөн өткөндөн кийин болгон. Күбөлөр айдоочу из жашырып кетип, бирок бир аздан кийин кармалганын айтышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Александровка айылында жолдон өтүп бараткан кишини автоунаа коюп кетти. Бул туурасында күбө кабарлады.
"Короче" Telegram каналына жол кырсыгынын видеосу жүктөлгөн.

Видеобайкоого түшүп калган кадрдан жеңил автоунаа катуу ылдамдык менен келип жолдун экинчи тарабына өтүү үчүн чуркап чыккан адамды сүзүп, ал бир нече метр алыстыкка учуп кеткенин көрүүгө болот.

Айдоочунун жүрөгү кармап, Бишкекте беш автоунаа кагышты
Жол кырсыгы 28-январда саат 21.00дөн кийин болгону айтылууда.

Тез жардам кызматы дарыгерлер барганга чейин эле жаракат алган адам көз жумганын билдирди.

Күбөлөр алгач айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенин кабарлады.

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы комментарий бере элек, маалымат кызматы менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.