Саламаттык сактоо министринин орун басары иштен алынып, башкасы дайындалды

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Чечейбаевдин ордуна Ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл департаментинин директору келди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Чечейбаевдин ордуна Ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.