Ошто кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Сүрөт

Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, КР Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ош шаарында атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. 

Ошто кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Сүрөт

Маалыматка ылайык, 29-январь күнү саат 16.30дар чамасында Ош ШИИБинин криминалдык милициясынын кызматкерлери атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын тизмеде турган беш жаранды кармашкан. 

Ошто кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Сүрөт
"36, 35, 27 жана 28 (эки киши) жаштагы жарандар бейбаштык кылды деген айып менен колго түшүрүлдү, бардыгы Ош облусунун тургундары. Кармалгандардын бешөө тең ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, КР Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.