Нур-Султанды кар басты. Казакстан борборунда 56 жыл мурдагы абал кайталанды

Январда Казакстандын борборуна түшкөн кардын көлөмү 1964-жылы коюлган рекордду кайталады. Коммуналдык кызмат кыштан бери 2,5 миллионго жакын куб көлөмдөгү карды тазалап чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. 2020-жылдын январь айында Нур-Султанга түшкөн кардын жагдайы мындан 56 жыл мурда болгон тарыхты жаңылады. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Учурда кар менен бороон Казакстан борборунун жашоочулары үчүн бир топ кыйынчылыкты жаратууда.

Казакстандагы бороондон миңдеген адам автоунаасынан чыга албай калды. Видео
Казгидрометтин өкүлү Алуа Саханова абал февраль айында өзгөрүшү мүмкүндүгүн билдирди. Анткен менен кар улам жаап, аны бороон-чапкын коштоору айтылды.

Борбордук акимиаттан 28-январда карды тазалап жана ташып чыгуу үчүн 1 159 атайын техника пайдаланылып, 1 435 жумушчу ишке чыккан. 29-январда 25 391 куб метр кар чыгарылган.

Жакынкы үч күндүн ичинде Казакстанда абанын температурасы -30 градуска жетиши күтүлүүдө. Өлкөнүн борборунда аба ырайы 26-январь күнү кечке маал бузулган. Тагыраагы, дароо бороон башталып, шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен. Мындан улам коңшу мамлекетте 27-январдан тарта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Коммуналдык кызмат кыштан бери 2,5 миллионго жакын куб көлөмдөгү карды ташып чыгарган.