Мелис Эшимкановдун иниси Эрнис Асек каза болду

Эрнис Асек журналист, саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал көптөн бери ооруп жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Журналист, котормочу, акын Эрнис Асек дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери кабарлашты.

 Кесиптештеринин айтымында, Эрнис Асек уулу (Эшимканов) ооруп жүргөн. Белгилей кетсек, маркум журналист, саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал буга чейин "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген. Кийин  "Баягы Асаба" гезитин да чыгарып жүргөн.