Коронавирус Кыргызстанга жетти деп жалган маалымат тараткан киши табылды

Социалдык тармак аркылуу фейк маалымат тараткан киши 11 жылдан бери Россиянын Москва облусунда иштеп келери аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жайылганы боюнча жалган маалымат тараткан киши Москвада иштеген кыргызстандык жаран экени аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Буга чейин коронавирус Кыргызстанга жеткени боюнча фейк жаңылык мессенджерлер аркылуу тараган болчу.

"Аудио жазылманын автору 27 жаштагы кыргызстандык киши экени аныкталды. Ал 2009-жылдан бери Москва облусундагы складда товарларды таңгактап иштеп келет", — деп айтылат маалыматта.

Милиция ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын айтып, эскертүү беришкен. Киши күнөөсүн мойнуна алып, соцтармак аркылуу жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырган.