Коронавирусту көзөмөлгө алууга даярдыктар көрүлгөн. Бул үчүн дарыгерлердин арасында семинарлар өткөрүлдү. Республикалык жугуштуу оорулар боюнча ооруканада атайын бокс-бөлүм жана оорулууларды ташуу үчүн бокс-камера бар. Бул тууралуу Айнагүл Рыскулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тамак-аш, деңиз азыктары менен коронавирус өлкөгө кирип жатат деген маалымат жалган.
"Тамак-аш, деңиз азыктары менен коронавирус жугат дегенге кошула албайм. Бул оору аба аркылуу жана адамдан адамга жугат. Башкача айтканда, ооруган адамдын сүлгүсүн, бет аарчысын башка адам колдонсо жугушу ыктымал. Вирус тамак-аш же деңиз азыктары аркылуу кирди деген туура эмес маалымат. Ошондой эле өлкөгө кайтып келген жарандар ооруга байланыштуу чектөөгө алынбайт. Анткени аларда оорунун клиникалык-симптомдору байкалган жок. Эгерде алардын арасынан дене табы көтөрүлүп, алсырап жаткандар болсо, медициналык кызматкерлерге кайрылышы керек" — деди Рыскулова.
Ошондой эле ал социалдык тармактарда элди дүрбөлөңгө салыш үчүн туура эмес маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.